19:43, 2-апрель, 2026

«Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган курулуш компаниянын өкүлү кармалды

18:03, 2-апрель, 2026 542

АКИpress - Уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелгендер кармалды, деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында узак убакыттан бери иш алып барып келген курулуш компаниялардын биринин Б. аттуу ээси криминалдык чөйрөдө «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун кылмыштуу тобун каржылап жүргөнү аныкталган. Бул факт боюнча топтолгон материалдардын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөдө белгилүү болгондой, 2019-жылы шектүү Досоновдун кылмыштуу тобун каржылоо максатында «Визион Групп» компаниясынын ошол учурдагы З.О. аттуу башкы директору жана негиздөөчүсүн коркутуу жолу менен батирди өткөрткөн.

Мындан тышкары, 2024-жылы шектүү жарандар А.М. жана Б.К. криминалдык чөйрөдө өз таасирин бекемдөө максатында жогоруда аталган ишкерди кайрадан коркутуп, «Визион Групп» компаниясынын 100 пайыздык үлүшүн толугу менен өздөрүнө өткөртүп алышкан. Андан кийин компания тарабынан курулган батирлерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн атына каттатуу аркылуу кылмыштуу топтун мүлктүк базасын кеңейтишкен.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар делген 1973-жылы туулган А.М., 1975-жылы туулган Б.К. жана 1977-жылы туулган К. уулу К. кармалып, камакка алынган. Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»