18:55, 2-апрель, 2026

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу алмашты

На русском
15:58, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 16:44, 2-апрель, 2026) 126

АКИpress - Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу алмашты.

Кыргызстандын хоккей федерациясы билдиргендей, орусиялык адис Айваз Халиков жаңы башкы машыктыруучу болуп дайындалды. Ал бул кызматка мекендеши Михаил Чекановдун ордуна келди. Чекановдун жетекчилиги астында 2025-жылы Кыргызстандын курамасы 3-дивизиондун «А» тайпасында дүйнө чемпиону болгон.

Курама команданын улук машыктыруучусу болуп Адил Алменов дайындалды.

Айваз Халиков буга чейин Татарстандагы ышкыбоздук командаларды машыктырып келген, ал эми 4 жыл мурун ага эл аралык турнирлерге катышкан Татарстандын курама командасы ишенип берилген.

«Дүйнө чемпионатынын экинчи дивизиону профессионалдуураак келет. Бизге эл аралык тажрыйба жетишсиз болушу мүмкүн», - деди Халиков Хоккей федерациясына берген маегинде.

Бул сезондо Кыргызстандын курама командасы 2-дивизиондун «Б» тайпасында ойнойт. Мелдеш 6-12-апрель күндөрү София шаарында (Болгария) өтөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»