18:56, 2-апрель, 2026

Абактагы өспүрүмдөр жакшы жүрүм-туруму үчүн «Ата-Бейитти» көрүштү

На русском
17:03, 2-апрель, 2026 (Жаңыланды: 17:09, 2-апрель, 2026) 284

АКИpress - 2-апрелде «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде №14 мекеменин (балдар колониясы) тарбиялануучуларынын катышуусунда көчмө иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага «АКИpress» агенттигинин журналисттери да катышты.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы белгилегендей, иш-чара Жаза аткаруу кодексинин 135-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык уюштурулду. Бул берене жүрүм-туруму жакшы, эмгекке жана окууга болгон мамилеси түз соттолгондорго сыйлоо чараларын көрүүнү карайт. Тарбиялануучуларга кызматкерлердин коштоосунда мекеменин сыртындагы маданий мааниге ээ болгон жайды көрүүгө мүмкүнчүлүк берилди.

Балдар колониясынын башчысы Марат Сатаев мамлекет ата-энесинин тийиштүү тарбиясын көрбөй калган балдарга камкордук көрөрүн белгиледи. Анын айтымында, балдарда туура баалуулуктарды жана жүрүм-турумду калыптандыруу маанилүү. Сатаевдин байкоосунда, укук бузуулардын болжол менен 90%ы өспүрүмдөр тарабынан аффект абалда жасалса, калган учурлар чөйрөнүн таасиринен болот. Ошол эле учурда Сатаев белгилегендей, жалаң гана жазалоо чаралары дайыма эле натыйжа бере бербейт, анткени балдар суициддик жүрүм-турумга жакын келишет жана алар туруктуу көңүл бурууга, колдоого муктаж. Ал ошондой эле тергөө абагында отуруу жана өкүмдүн угузулушу бала үчүн чоң стресс экенин кошумчалады.

Анын айтымында, мындай көчмө иш-чараларга оңолуу жолуна түшкөнүн көрсөтө алган тарбиялануучулар гана чыгарылат. Бул жолу иш-чарага 15 өспүрүм катышты.

«Биз үчүн башка балдардын да ушундай жыйынтыкка умтулуусу маанилүү», - деди ал.

Тарбиялануучулар үчүн экскурсияны гид Бакыт Мамбеталиев өткөрдү. Балдарга Кыргызстандын тарыхы, Үркүн трагедиясы жана сталиндик репрессиялар тууралуу айтып беришти. Андан соң катышуучулар комплекстин музейине барып, «Ата-Бейиттин» тарыхы тууралуу даректүү тасма көрүштү. Андан соң мемориалдын ачылышы тууралуу кенен маалымат берилип, балдарды Ата Мекенди сүйүүгө жана ата-бабалардын эрдигин унутпоого чакырышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө тарбиялануучулар репрессия курмандыктарынын мемориалына жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Соттолгондордун бири Куран окуду.

Андан ары өспүрүмдөр «Таазим» комплексине барышып, ал жерден эгемен Кыргызстандын тарыхы, анын ичинде Жоогазын революциясы, 7-апрель окуялары жана Аксы окуялары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле аларга репрессия курмандыктарынын сөөктөрү табылган жер көрсөтүлүп, ал жерде да кайрадан дуба кылынды.

Мындан сырткары, тарбиялануучулар 2022-жылдын сентябрындагы Баткен окуяларында курман болгон Кыргызстандын коргоочуларынын бейитине барып, гүл коюшту.

Экскурсиянын аягында катышуучулар үчүн чакан сюрприз уюштурулуп, балдарга шаурма жана суусундуктар таратылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»