20:00, 26-март, 2026

«Тазалыктын» жаңы жетекчиси Максатбек Арыновдун эмгек жолу

На русском
17:25, 26-март, 2026 324

АКИpress - Арынов Максатбек Дүйшөнкулович Бишкек шаардык мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Эмгек жолу:

М.Арынов 1991-жылы 17-декабрда Бишкекте төрөлгөн. 2015 Кыргызстан эл аралык университетинен менеджмент адистигин алган.

  • 2017-жылдын 12-июну — 2018-жылдын 5-июлу: Саламаттыкты сактоо министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери башкармалыгында жетектөөчү адис;
  • 2018-жылдын 5-июлу — 2020-жылдын 22-июну: Саламаттыкты сактоо министрлигинин иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүндө жетектөөчү адис;
  • 2021-жылдын 12-марты — 2022-жылдын 12-майы: №13 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • 2022-жылдын 12-майы — 2022-жылдын 22-ноябры: Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациясынын уюштуруу жана кадрдык иштер бөлүмүндө адис;
  • 2022-жылдын 22-ноябры — 2025-жылдын 1-сентябры: №16 муниципалдык аймактык башкармалыгында башчынын орун басары;
  • 2026-жылдын 26-январы — 2026-жылдын 24-марты: Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизациялык резервдик материалдарды сактоо кызматынын башчысы;
  • 2026-жылдын 24-мартынан тарта — Бишкек шаарынын мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору.

Кыргыз, орус, англис тилдерин билет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»