21:55, 26-март, 2026

Кыргызстанда жылдан жылга төрөттүн саны азаюуда

На русском
16:15, 26-март, 2026 640

АКИpress - Жыл сайын Кыргызстанда төрөлгөн балдардын саны азайып бара жатат. Эгер 2025-жылга чейин өлкө жылына 150 миңге чейин төрөттү каттап келсе, акыркы жылдары төрөлгөндөрдүн саны 20-30 миңге азайып жатканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Нургүл Ибраева «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Бул сандардын артында эмне турат жана демографиялык өзгөрүүлөр өлкөнүн келечегине кандай таасир этиши мүмкүн, көз чаптырабыз.

Расмий көрсөткүч

Улуттук статистика комитети 2000-жылдан берки төрөт боюнча маалыматтарды келтирет. 2000-жылы 96 миң 770тен 2000-жылдардын ортосунда 109-120 миңге чейин акырындык менен төрөлүүлөрдүн саны өскөн. Өсүү 2007-2013-жылдары да уланып, жыл сайын 123 миңден 155 миңге чейин бала төрөлгөн.

Төрөттүн эң жогорку чеги 2018-2019-жылдарга туура келген, анда жыл сайын 171–173 миңден ашык бала төрөлгөн. Андан кийин төмөндөө байкалууда: 2020-2025-жылдары төрөлгөндөрдүн саны 158 миң 112ден 140 миң 504 балага чейин кыскарган.

Республикалык адамдын репродукциясы борборунун акушер-гинекологу Айнура Кушубекова «АКИpress′ке» билдиргендей, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 140 миң 504 бала төрөлгөн. 2019-жылдагы эң жогорку көрсөткүчтөн кийин акырындык менен төмөндөө тенденциясы байкалууда.

«Мурунку 5 жылдык мезгилде төрөттүн жогорку деңгээли 2014-2015-жылдары байкалган — жылына 160-163 миңге жакын бала. Эң жогорку чек 2019-жылы катталган — 173,5 миң ымыркай жаңы төрөлгөн. 2020-2025-жылдары акырындык менен төмөндөө башталды: 2024-жылга карата төрөттүн саны 140,4 миңге, ал эми 2025-жылы — 140,5 миңге чейин төмөндөдү.

Ошентип, 6 жылдын ичинде (2019-жылдан 2025-жылга чейин) жалпы төрөт болжол менен 35 миң адамга кыскарды, бул орточо эсеп менен жылына 5-6 миңди түзөт, ал эми жыл сайын 20-30 миңден кем эмес», - деди Кушубекова.

Анын айтымында, 20 жылдык динамика 2015-жылы бир аялга 3,2 бала туура келгенде эң жогорку чекке жеткенин көрсөтөт, бул активдүү өсүү фазасы.

«2005-жылы 2,5 бала болгон, бул 90-жылдардагы төмөндөөдөн кийинки салыштырмалуу минимум мезгили; 2015-жылы 3,2 бала, активдүү өсүү фазасы; 2024-2025-жылдары бир аялга болжол менен 3 бала туура келет, бул акырындык менен төмөндөөнүн башталышын көрсөтөт», - деп билдирди ал.

Анын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө аялдын биринчи баласын төрөгөндөгү орточо жашы 23,5-24 жашты түзөт. Акыркы 15-20 жылда ал өстү.

«Эгерде 2000-жылдардын башында аялдардын бир кыйла бөлүгү биринчи баласын 21-22 жашында төрөсө, азыр бул көрсөткүч 24 жашка жакындады. Аялдардын биринчи никеге туруусунун орточо жашы дагы 24 жашты түзөт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, биринчи никенин 87%ы 18 жаштан 29 жашка чейинки куракта түзүлөт», - деп белгиледи ал.

Аялдардын биринчи баласын төрөө курагынын жогорулашынын негизги факторлору болуп аялдардын жогорку билим алууга умтулуусу, карьералык пландары жана үй-бүлө куруудан мурун каржылык көз карандысыздыкка жетүү каалоосу саналат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адиси Нургүл Ибраева өз сөзүндө өлкөнүн түштүгүндө төрөлүү азыраак төмөндөгөнүн, ал эми түндүк аймактарда бул көрүнүш көбүрөөк байкалып жатканын белгиледи. Дарыгер Айнура Кушубекова айылдарда төрөттүн жалпы коэффициенти бир аялга 3,4 баланы түзсө, шаарларда бул көрсөткүч бир кыйла төмөн, болжол менен 2,7-2,9 экенин билдирди.

«Айыл жерлеринде көп балалуу болуу салты үстөмдүк кылат, ал эми шаардык үй-бүлөлөр көбүнчө каржылык туруктуулукка жана балдардын сапаттуу билим алуусуна басым жасашат, бул төрөлүүлөрдүн азайышына алып келет. Төрөттүн эң байкалаарлык төмөндөшү өлкөнүн түндүгүндө (Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустары) байкалууда. Бишкекте шаар калкынын үлүшү жогору жана балдардын төрөлүшүнүн курагынын кеч болушунан улам табигый өсүштүн эң төмөн темптери катталууда.

Салыштыруу үчүн, түштүк аймактарда (Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары) төрөлүү туруктуу жогору бойдон калууда жана олуттуу төмөндөөнү көрсөтпөйт. Калктын 1000 адамына эң жогорку төрөлүү көрсөткүчтөрү Баткен облусунда катталган», - деп билдирди ал. 

2026-жылдын башына карата өлкөнүн калкы 7 млн 404 миң адамды түздү. Адис Айнура Кушубекова белгилегендей, узак мөөнөттүү келечекте төрөттүн азайышынан улам улгайган адамдардын үлүшү өсөт, бул пенсиялык системага жана социалдык кызматтарга жүктү көбөйтөт, анткени иштегендердин саны аз пенсионерлердин саны көбөйөт. Ошондой эле саламаттыкты сактоо системасына да жүк көбөйөт: курактык ооруларды дарылоого көбүрөөк ресурс талап кылынат, ал эми педиатриялык кызматтар балдардын санынын азайышынан улам каржылоонун жетишсиздигине туш болушу мүмкүн.

Төрөттүн бара-бара азайышы жакынкы 20-25 жылда эмгек рыногунда жумушчу күчүнүн жетишсиздигине алып келиши мүмкүн, бул өз кезегинде экономикалык өсүштүн темпин жайлатышы ыктымал.

Кыргызстан БУУнун критерийлери боюнча «картаюу босогосуна» жетти. 2025-жылдын башына карата 65 жаштан ашкан адамдардын үлүшү 6%ды же 440 миңден ашуун адамды түздү. 2030-жылга карата бул көрсөткүч 7%га жакындайт, ал эми 2050-жылга карата 60 жаштан ашкан адамдардын саны дээрлик 3 эсеге көбөйүшү мүмкүн деп күтүлүүдө.

Ошол эле учурда эмгекке жарамдуу калктын жана жаштардын үлүшү бара-бара кыскарат, бул иштеген жарандарга демографиялык жүктүн өсүшүнө алып келет. Кушубекова төрөлгөндөрдүн жалпы санынын азайышына карабастан, Кыргызстанда оң табигый өсүш сакталып турганын белгиледи (төрөт өлүмдөн дагы эле кыйла жогору). 2025-жылы өлкөдө 140 миң 504 бала төрөлсө, каза болгондордун саны 33 миң 428 адамды түздү. Ошентип, калктын табигый өсүшү (төрөт менен өлүмдүн айырмасы) 107 миң 76 адамга жетти.

Нургүл Ибраева төрөлүү көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө таасир этүүчү факторлорду айтып, бул процессте бир катар себептер, анын ичинде социалдык өзгөрүүлөр да таасир этерин белгиледи.

«Калктын, өзгөчө жаштардын дүйнө таанымы өзгөрүүдө. Көп жаштар адегенде бутуна туруп, шарт түзүп, анан балалуу болгусу келет. Башка дагы социалдык факторлор бар», - деп билдирди ал.

Дарыгер Айнура Кушубекованын айтымында, медициналык факторлор, анын ичинде төрөтүү функциясынын бузулушу барган сайын маанилүү ролду ойноп жатат. Мунун бир себеби - энеликтин "картайышы": биринчи төрөттү 25-30 жашка жана андан кийинкиге жылдыруу гинекологиялык оорулардын рискин жогорулатат жана энелик резервди азайтат.

Ар кандай баалоолор боюнча, Кыргызстанда жубайлардын 15-18%га жакыны тукумсуздукка туш болушат, бул демографиялык көз караштан алганда олуттуу көрсөткүч болуп саналат. Мында эркектик фактордун үлүшү акыркы жылдары аялдардыкы менен теңелип, учурлардын болжол менен 50%ын түзөт. Тукумсуздуктун себептеринин арасында жыныстык жол менен жугуучу дарыланбаган инфекциялар, ошондой эле бойдон алдыруунун кесепеттери да бар, алар жатын түтүктөрүнүн өткөрүмдүүлүгүнө таасир этет.

Кыргызстанда төрөттү жана балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган бир катар чаралар ишке ашырылып жатат. Алардын катарында бир жолку «Балага сүйүнчү» төлөмү бар, анын өлчөмү ар бир балага 4 миң сомду түзөт, ал эми үч эм же андан көп бала төрөлсө — ар бирине 50 миң сомдон берилет. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул төлөмдөрдү 136 миңден ашуун баланын ата-энеси алышкан.

Мындан тышкары, 2040-жылга чейинки демографиялык саясаттын концепциясы ишке ашырылууда. Ал репродуктивдик ден соолукту сактоого, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүүгө багытталган. Мындан сырткары, калктын картаюусуна байланыштуу саламаттыкты сактоо системасын ыңгайлаштырууга багытталган активдүү узак жашоо программалары да киргизилип жатат.

Дарыгердин айтымында, үй-бүлөнү пландоо боюнча кызматтар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун көбүндө жана репродукция борборлорунда жеткиликтүү. Бирок аймактарда тар адистердин жана заманбап диагностикалык жабдуулардын тартыштыгы сакталууда. Ал белгилегендей, өлкөдө дарылоонун түрдүү ыкмалары колдонулат, анын ичинде ЭКУ, ICSI жана эмбриондордун генетикалык скрининги сыяктуу көмөкчү репродуктивдик технологиялар бар. Бирок бул кызматтар негизинен акылуу негизде көрсөтүлөт.

Ошол эле учурда мамлекеттик колдоо механизмдери, анын ичинде квота киргизүү же жеңилдетилген каржылоо маселеси талкууланып жатат. Мамлекеттик репродукция борборлорунда лапароскопия жана гормоналдык терапия сыяктуу консервативдүү дарылоо ыкмалары да колдонулат. Кушубекова калкты маалымдоо иштери үй-бүлөнү пландоо кабинеттеринде, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана жаштар борборлорунда, анын ичинде «Кыргыз үй-бүлөнү пландоо альянсы» аркылуу жүргүзүлөрүн да билдирди.

Негизги басым эрте никенин жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын алдын алууга жасалат. Мындан тышкары, жаштарга репродуктивдик ден соолук тууралуу маалыматты жашыруун түрдө алууга мүмкүнчүлүк берген мобилдик тиркемелер жана чат-боттор сыяктуу санариптик инструменттер өнүгүүдө.

Мамлекеттик поликлиникалардын алдында болочок энелер мектептери иштеп, анда ата-энеликке даярдык жана эмчек эмизүү боюнча акысыз курстар өткөрүлөт. Кушубекованын пикиринде, калктын маалымдуулук деңгээли төрөт көрсөткүчүнө түздөн-түз таасир этет. Маалымдуулуктун жогору болушу ооруларды өз убагында аныктоого жана дарылоого, тукумсуздуктун тобокелдигин азайтууга жана үй-бүлөнү пландоо боюнча көбүрөөк аң-сезимдүү чечим кабыл алууга шарт түзөт.

Ал ошондой эле тукумсуздукка жубайлардын 18%ы туш болорун эске алуу менен, мамлекеттик ЭКУ (ЭКО) квоталарын киргизүү колдоо чараларынын бири болушу мүмкүн деп эсептейт.

Мындан тышкары, балалуу болуу чечимине таасир этүүчү фактор катары жеңилдетилген үй-бүлөлүк ипотеканы өнүктүрүү, 3 жашка чейинки балдар үчүн бала бакчалардын санын көбөйтүү жана «Балага сүйүнчү» төлөмүнүн өлчөмүн баланын төрөлүү кезегине жараша жогорулатуу менен төлөмдөр системасын өркүндөтүү сыяктуу чаралар да каралууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»