03:59, 27-март, 2026

АКШ жакын арада Иранга кургактан кол салышы мүмкүн, - басылма

На русском
13:13, 26-март, 2026 1202

АКИpress - АКШ жакында Иранга кургактан кол салышы мүмкүн. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасынын журналисти Алекс Уорд булактарга таянып билдирди.

«Конгресстеги үч республикачы, анын ичинде Өкүлдөр жана Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча төрагалары бул операция жакын арада башталышы мүмкүн экендигин ачык айтышууда», - деп жазды журналист социалдык тармактагы баракчасына.

Кечээ «The Jerusalem Post» басылмасы АКШнын Иран экспорттогон мунайдын 90%ы өткөн Харг аралын басып алуу боюнча операциясын баштоодон башка аргасы калбаганын жазган. «Axios» басылмасы да аралды басып алуу пландары тууралуу жазган. «Financial Times» жана «Newsmax» басылмалары миңдеген деңиз аскерлери жана аскер кемелери Жакынкы Чыгышка тез арада жеткирилгендигин билдиришкен.

«CNN» булактарга шилтеме берип, Иран аралга кошумча аскерлерди жиберип, коопсуздугун бекемдеп жатканын билдирген.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»