03:10, 27-март, 2026

Аламүдүн райондук сотунун судьясы жана Чүй облустук сотунун улук катчысы кармалды

На русском
08:47, 26-март, 2026 704

АКИpress - Чүй облустук сотунда коррупциялык схема аныкталып, бөгөттөлгөндүгүн 25-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Чүй облустук сотунун улук катчысы А.Ж.Б. сот чечимин анын пайдасына чыгарууга жардам берүүнү убадалап, 26 миң доллар алган. Бирок кийинчерээк ал маселени чече албай, 651 миң сом жана 2800 доллар акчанын бир бөлүгүн кайтарып жатканда кармалган. Аны УКМКнын тергөө абагына киргизишти.

Мындан тышкары, бул схемага К.А.А. жана Аламүдүн райондук сотунун Ж.Ш.Б. аттуу судьясынын тиешеси бар экендиги аныкталган. Судья 85 миң сомду кайтарып жатканда колго түшкөн.

Тергөө уланууда.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»