АКИpress - Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктарына карабай, аны 31-декабрга чейин 083 медициналык маалым катсыз алмаштырууга болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбордон кабарлашты.
Борбор кампания аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу белгиленген тартипте — 1389 сом өлчөмүндөгү төлөм менен жүргүзүлөрүн эскертет.
Жүргүзүлгөн акциянын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык жаран айдоочулук күбөлүгүн жаңылаган.