16:52, 15-март, 2026

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

На русском
15:24, 15-март, 2026 426

АКИpress - 15-марттагы жыйында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

Нурланбек Азыгалиев №17 бир мандаттуу шайлоо округунан 12 миң 20 добуш менен шайланган жана «Эл үмүтү Ата-Журт» депутаттык тобунун курамында болчу.

Буга чейин депутаттык мандатын тапшыргандар:

  •     Элдар Сулайманов
  •     Нурланбек Тургунбек уулу
  •     Кундузбек Сулайманов
  •     Жанар Акаев (Ош шаарынын мэри болуп дайындалган)
  •     Куванычбек Конгантиев
  •     Курманкул Зулушев
  •     Шайырбек Ташиев

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»