АКИpress - Бишкектеги «Геология» базарындагы өрт саат 9:38де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
15-мартта саат 7:52де ӨКМге Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан «Кудайберген» базарында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт «Геология» базарында чыккандыгы аныкталган. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпысынан 6 өрт өчүрүүчү бөлүм жана ӨКМдин штабы тартылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн аянты 250 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.