АКИpress - Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн репатриациялоо (жарандарды мекенине кайтаруу) иш-чараларынын кезектеги этабы аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
15-мартта саат 06:30да «Манас» эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан Кыргызстандын 142 жараны келди.
Буга чейин маалымдалгандай, биринчи этапта Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн кыргызстандыктар атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген.
ТИМ Кыргызстандын жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөлөргө убактылуу барбоону сунуштайт.