АКИpress - Бишкек мэриясынын муниципалдык ишканаларына жаңы атайын техникалар тапшырылды, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.
Атайын техникалар 14-мартта, Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнүнө карата тапшырылды. Техникаларды төмөнкү муниципалдык ишканалар алышты:
- «Бишкек асфальт сервис» — 22 даана
- «Бишкек суу канал» — 8 даана
- «Бишкек жарык» — 8 даана.
«Жаштык» спорт аренасында майрамдык иш-чара өтүп, ага шаардын муниципалдык ишканаларынын 4800дөн ашык кызматкери катышты.