13:35, 14-март, 2026

Жол эрежесин бузган айдоочу кармалды

На русском
10:27, 14-март, 2026 609

АКИpress - Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирген «Toyota Camry» унаасынын айдоочусу кармалды.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө тиешелүү протоколдор түзүлдү.

Буга чейин социалдык тармактарда «Toyota Camry» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганына карабай өтүп, жөө жүргүнчүнү сүзүп кете жаздаган видеосу тараган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»