АКИpress - Бишкекте өзүн өзү атып салган жаран Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов экени белгилүү болду. Бул маалыматты Сот аткаруучулар кызматы ырастады.
13-мартта милицияга Кожомбердиев көчөсүндөгү ресторандардын биринин жанында унаада эркек киши өзүн атып салганы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барган. «GAC» үлгүсүндөгү унаадан октон жаракат алган 1981-жылы туулган К.К. аттуу жарандын жансыз денеси табылган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мындай кадамга карыздарынан улам барган болушу мүмкүн.
Предсмертная записка