АКИpress - Манакеев Данияр Каныбекович Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 13-мартта мэриядан билдиришти.
Буга чейин ал мэриянын Уюштуруу-көзөмөл иштери башкармалыгынын чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.