01:57, 14-март, 2026

Айым айдоочунун жолун тороп, сөккөн киши кечирим сурады. Видео

На русском
16:09, 13-март, 2026 549

АКИpress - Бишкекте «Volkswagen Golf-3» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу камакка алынды. Ал башка айдоочунун жолун тосуп, сөккөн. Бул тууралуу 13-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Мониторинг жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери жолдогу жаңжал тууралуу видеону көрүшкөн. Видеодогу киши 1996-жылы туулган Р.Н.Р. экени аныкталган.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, айдоочунун өздүгү аныкталып, ал райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинген. Ошондой эле ал майда бейбаштык беренеси боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Айдоочу күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурады.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»