18:04, 13-март, 2026

Ирандын жаңы лидери өч алууну убадалады

На русском
16:01, 13-март, 2026 835

АКИpress - Ирандын жаңы лидери Можтаба Хаменеинин биринчи кайрылуусун бейшемби күнү мамлекеттик телеберүү диктору жарыялады, деп билдирди «Би-би-си».

Можтаба Хаменеи 8-мартта бийликке келгенден бери коомчулукка чыга элек. Бул анын ден соолугу тууралуу ушак-айыңдарды жаратты. «Reuters» билдиргендей, Хаменеи жеңил жаракат алган.

Жаңы лидер өз кайрылуусунда шейиттердин өлүмү жазасыз калбастыгын убада кылып, Ормуз кысыгын бөгөттөөнү улантууну жарыялады. Ошондой эле ал коңшу өлкөлөрдү Иран америкалык аскер базаларын жабууга чакырды.

Кызыгы Хаменеи кайрылуусунда лидер болуп шайланганы тууралуу кабарды башка жарандар менен бирге тележаңылыктардан билгендигин айтты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»