АКИpress - Ооган бийлиги Пакистанды Кабул жана Кандагардагы жарандык үйлөргө авиасокку жасады деп айыптаганын «Al Jazeera» билдирди.
Талибандардын өкмөт өкүлү каза болгондордун арасында аялдар менен балдар бар экенин айтты. Анын айтымында, Кандагар аэропортунун жанындагы «Kam Air» авиакомпаниясынын күйүүчү май сакталган жери да аткыланган.
Ал эми Пакистан сокку болгонун ырастап, террорчулар жашынган жайларга жана Кандагардагы күйүүчү май сактоочу жайга сокку урулганын билдирди. Ошондой эле жарандарга атайын сокку урулбаганын маалымдады.
Кабул бийлигинин маалыматы боюнча, жаңжал башталгандан бери 7 жай тургун каза болду. БУУнун Ооганстандагы миссиясы 26-февралдан 5-мартка чейин Пакистандын аскердик операцияларынан 56 жай тургун, анын ичинде 24 бала каза болгонун билдирди.
Пакистан тараптан 12 аскер каза болуп, 27 адам жараат алгандыгы маалымдалды. Ал эми талибандар 150дөн ашык адам жок кылынганын билдиришүүдө.
Бул жаңжал 26-февралда башталган. Ооган тарап Пакистандын мурдагы аба соккуларына жооп катары чек арада чабуул жасаган. Исламабад Кабулду пакистандык «Талибан» кыймылынын жана «Ислам мамлекетинин» (ИГИЛ) ооган бөлүмүнүн согушкерлерин жашырып жатат деп айыптоодо. Бирок ооган бийлиги бул дооматтарды четке кагып жатат.