АКИpress - 13-мартка караган түнү Түркиянын Адана провинциясынын аба мейкиндигинен баллистикалык ракета жок кылынгандыгын өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдады.
«Ирандан учурулган жана Түркиянын аба мейкиндигине кирген баллистикалык ок-дары Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жайгаштырылган Түндүк Атлантика аскердик-саясий альянсынын (НАТО) абадан коргонуу жана ракетадан коргонуу каражаттары тарабынан зыянсыздандырылды.
Окуянын бардык аспектилерин тактоо үчүн тиешелүү өлкө менен консультациялар жүргүзүлүүдө», - деп айтылат расмий билдирүүдө.
Бул өлкөнүн аймагынан зыянсыздандырылып жаткан Ирандын 3-жолу ракетасы.
Аталган провинцияда АКШнын «İncirlik» аталышындагы аскер аба базасы бар.
Füzenin imha edilişinin en net görüntüsü! pic.twitter.com/WcLzITE0tb
— bestnewsturkiye (@bestnewsturkiye) March 13, 2026