01:57, 14-март, 2026

Мал экспорттоого киргизилген тыюу салуу узартылды

На русском
14:47, 13-март, 2026 645

АКИpress - Министрлер кабинети бодо мал, жылкы, кой-эчкилерди өлкө аймагынан чыгарууга 6 айлык убактылуу тыюу салууну узартты.

Бул чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк товарларына болгон базар бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды.

Бирок тыюу салуу төмөнкү учурларда колдонулбайт:

  • Кыргызстандын аймагы аркылуу транзит;
  • спорттук мелдешке катышуу үчүн спорттук жылкылар;
  • чет мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга же жеке адамдарга белекке берилүүчү жылкылар;
  • мамлекеттик оператор — «Кыргыз Агрохолдинг» ААК тарабынан экспорттолуучу тирүү мал;
  • аба каттамы аркылуу чыгарылуучу жылкылар.

Экономика министрлигине документ күчүнө кирген күндөн тартып 3 күн ичинде Дүйнөлүк соода уюмуна жана ЕЭКке тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу кабарлоо тапшырылды. Тышкы иштер министрлиги ошол эле мөөнөттө КМШнын аткаруу комитетине билдирүүгө тийиш.

Мамлекеттик бажы кызматына, Айыл чарба министрлигине, Чек ара кызматына аталган жаныбарларды мыйзамсыз чыгарууга бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

Ошол эле учурда, токтом менен 2025-жылдын 20-августундагы № 506 жана ага тиешелүү өзгөртүүлөргө (№ 606 жана № 668) карата окшош тыюу салуу боюнча Министрлер кабинетинин мурдагы чечимдери күчүн жоготту деп таанылды. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»