АКИpress - Ленин райондук соту 12-мартта УКМКнын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырды.
13-мартта Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев 10-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
10-мартта Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган, ал эми 11-мартта жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган.