18:08, 13-март, 2026

Чүйдө алдамчылыкка шектелген адвокат кармалды

На русском
12:59, 13-март, 2026 441

АКИpress - Ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды, деп билдирди ИИМ.

Ички иштер министрлигине К.Э. арыз менен кайрылып, чала тааныш аялдар анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдамчылык менен ээлеп алышканын билдирген.

Арызга ылайык, 2024-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин өздөрүн Р.А. жана К. деп тааныштырган аялдар жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтып, Бишкек шаарынан базар баасынан арзан батирлерди жана автоунааларды алып берүүнү убада кылышкан. Ошол шылтоо менен алар жабырлануучу менен ар кайсы жерлерде жолугуп, жалпы 90 000 долларды ээлеп алышкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн биринин өздүгү аныкталып, ал Чүй облусунун тургуну, 1984-жылы туулган А.Р. экени белгилүү болгон. Ошондой эле анын 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип келгени жана Чүй облустук адвокатурасынын мүчөсү экени такталган.

Ошондой эле ал буга чейин дагы бир нече жарандарды ушундай ыкма менен алдап, акчасын ээлеп алганы аныкталган.

Учурда А.Р. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эгерде жабыр тарткандар же кандайдыр-бир маалыматка ээ болгон адамдар болсо, ИИМдин Тергөө кызматына +996 503 552 200 телефону аркылуу байланышса болот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»