17:01, 13-март, 2026

Кыргызстанда 2 миң үй-бүлөлүк дарыгер жетишпейт

На русском
12:47, 13-март, 2026 255

АКИpress - Кыргызстанда болжол менен 2 миң үй-бүлөлүк дарыгер жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкармалык жетекчиси Нургүл Ибраева «Ишеним» жана «Ала-Тоо» депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, калкка биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүү тутумунда бир үй-бүлөлүк дарыгерге орто эсеп менен 1300 адам туура келет.

Ибраева белгилегендей, бир бейтапты 15-20 мүнөттө кабыл алганда, дарыгер күнүнө болжол менен 12-15 кишини кабыл ала алат. Бир айда бир адис 200-210дой бейтапты текшерүүгө тийиш.

«Бирок үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигинен улам иштеп жаткан адистерге өтө чоң жүк түшүүдө», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»