АКИpress - Жалал-Абад облусунда алимент төлөөдөн качкан адам 1 жылга эркинен ажыратылды, деп билдиришти Сот аткаруучулар кызматынан.
Сузак райондук бөлүмүнүн өндүрүшүндө бир баланын материалдык камсыздоосу үчүн алимент өндүрүп алуу боюнча карызкор А.Л.А. аттуу жаранга карата аткаруу иштери жүрүп жаткан.
Анын жүрүшүндө карызкор алимент төлөөдөн көп убакыт бою качып жүргөнү аныкталган. Буга байланыштуу материалдар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу маселесин кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.
Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча 11-мартта Сузак райондук сотунун өкүмү менен А.Л.А. күнөөлүү деп табылып, 1 жылга эркинен ажыратылды.
Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренесинин 2-бөлүгү. Ата-эненин баласын же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарын багууга соттун чечиминин негизинде 12 айдан ашкан мезгилде түзүлгөн карыздын суммасында каражаттарды төлөөдөн качуусу — 1 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөткө коомдук иштерге тартуу же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдөгү айып пул салуу же 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланат.