03:43, 14-март, 2026

Чүйдө лизинг аркылуу алдаганга шектүү кармалды

На русском
11:54, 13-март, 2026 294

АКИpress - Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Тактап айтканда, 2025-жылдын 27-октябрында милицияга Шопоков шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 15-майда ал «КИА Морнинг» унаасын «КИА К7» унаасына алмаштырып, үстүнө 2500 доллар кошуп берген. Кийинчерээк «КИА К7»  унаасы «Унаа Лизинг» лизингдик компаниясына катталып, андан соң кайра каттоодон алынган жана арыз ээсине акчасы кайтарылган эмес. Мындан тышкары, келишимдин милдеттенмелери аткарылган эмес.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, шектүү катары 1991-жылы туулган Т.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»