АКИpress - Саламаттыкты сактоо министри Дамирбек Осмонов жумуш сапарынын алкагында Чүй облусунун Кемин районундагы Жалпы практикалык дарыгерлер борборуна барып, медициналык инфраструктуранын абалы, жаңы объекттердин курулушу жана мекеменин заманбап жабдуулар менен камсыз болушу менен таанышты. Бул тууралуу 13-мартта министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында 50 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушу текшерилди. Жалпы аянты 2220 чарчы метр болгон 4 кабаттуу имарат учурда активдүү курулуп жатат — объект 3-кабатка чейин көтөрүлүп, монолиттик иштер уланууда.
Долбоорго ылайык, имараттын биринчи кабатында кабыл алуу жана гинекология бөлүмдөрү, ультраүн диагностика жана кольпоскопия кабинеттери жайгашат. Экинчи кабатында операциялык блок жана 2 төрөт залы, ал эми үчүнчү кабатында жаш төрөлгөн ымыркайлардын патологиясы бөлүмү жана жеке санитардык түйүндөрү бар гинекология бөлүмүн жайгаштыруу пландалууда. Ошондой эле, төрөт үйүн заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо маселеси каралууда.
Министр медициналык кызматкерлер үчүн жатакана куруу иштеринин жүрүшү менен да таанышты. Мурдагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты бардык керектүү шарттары бар 8 батирлүү турак жайга айландырылат. Иштер Кемин районун өнүктүрүү фондунун эсебинен каржыланып, анын баасы 18 млн сомго жакын. Имараттын жалпы аянты 1450 чарчы метр. Долбоорду ишке ашыруу медициналык кызматкерлердин жашоо шарттарын жакшыртууга жана кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүн чечүүгө багытталган.