03:43, 14-март, 2026

Футбол боюнча Жогорку лига: Бүгүн Ош жана Кант шаарында үч беттеш өтөт

На русском
09:25, 13-март, 2026 167

АКИpress - Бүгүн, 13-мартта футбол боюнча Кыргызстан чемпионатынын үчүнчү туру үч оюн менен башталат.

Жогорку лиганын беттештери Ош жана Бишкек шаарларындагы стадиондордо өтөт. Бул сезондо алгачкы ирет Оштогу Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо оюн өтүп, анда жергиликтүү «Алай» командасы Кара-Балтадан барган — «Кыргызалтын» клубун кабыл алат. Дагы эки оюн Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясынын стадионунун жасалма талаасында өткөрүлөт.

13-марттагы оюндардын жүгүртмөсү:

  • 15:00 «Дордой» - «Бишкек Сити», КФС УФА стадиону (Бишкек)
  • 20:00 «Алай» - «Кыргызалтын», Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион (Ош)
  • 20:00 «Илбирс» - «Нефтчи», КФС УФА стадиону (Бишкек)

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»