АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өз ишинде натыйжа көрсөткөндөр жарандарга жана мамлекеттик кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын алкышын тапшырды.
Сыйлыктар «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын катышуучуларына, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясын уюштурууга катышкандарга, балдар укугун коргоого салым кошкондорго берилди.
“100 күндүк реформалар же «Өкмөттүк акселераторлор» программасы өзгөрүүлөр жылдарга созулбашы керек экенин ачык далилдеди. Саясий эрк, кесипкөйлүк жана чыныгы командалык иш бар жерде жыйынтык сөзсүз болот. Буга ар бириңиздер иш жүзүндө күбө болдуңуздар деп ишенем”, - деди өзүнүн куттуктоо сөзүндө Адылбек Касымалиев.