02:10, 14-март, 2026

Бишкекте Жибек жолудагы жаңы көпүрөгө асфальт төшөлүүдө

На русском
16:29, 12-март, 2026 456

АКИpress - Бишкектеги Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн бир тарабы дем алыш күндөрү ачылат, деп билдиришти мэриядан.

Азыркы учурда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Мэриянын маалыматы боюнча, реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болгон. Эми көпүрөнүн туурасы 34,3 метрге, ал эми узундугу 25 метрге жетет.

Көпүрөнүн экинчи тарабы март айынын аягына чейин ачылат деп пландалууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»