03:40, 14-март, 2026

Иракта мунай ташыган 2 кемеге кол салуу болуп, бир адам каза тапты

На русском
15:11, 12-март, 2026 676

АКИpress - 12-мартка караган түнү Ирактын Басра шаарынын аймагында мунай ташыган 2 кемеге кол салынды. Ирак бийлиги кемелерде өрт чыгып, 38 адам куткарылганын, экипаждын 1 мүчөсү каза болгонун BBC News билдиргенин жазды.

«CNN» жана «Reuters» агенттиктеринин алдын ала маалыматы боюнча, кемелерге жардыруучу зат коюлган кайыктар менен кол салынган.

Иран уюштурган деп болжолдонуп жаткан кол салуудан кийин, Ирактын мунай терминалдары ишин токтотту.

Мунай ташыган кемелерге жасалган кол салуулардан улам, 12-март күнү эртең менен баррелине 100 долларга чейин кайрадан өстү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»