14:50, 12-март, 2026

БШК мүчөлөрүнүн санын кыскартуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

На русском
12:37, 12-март, 2026 279

АКИpress - Жогорку Кеңеш 12-мартта «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Муну менен комиссиянын санын 12ден 7 же 8 мүчөгө чейин кыскартуу сунушталууда. Аны бардык 5 депутаттык топтун лидерлери Талант Мамытов, Дастан Жумабеков, Талайбек Масабиров, Акылбек Түмөнбаев, Нурбек Сыдыгалиев жана парламенттин спикери Марлен Маматалиев демилгеледи.

Сыдыгалиев шайлоо өнөктүктөрүнүн жүрүшүндө убакыт өтө маанилүү экенин, ал эми коллегиалдуу органдын курамынын аз болушу талаш-тартыштарга, талапкерлерди каттоо маселелерине жана башка процедураларга тез арада жооп берүүгө мүмкүндүк берерин билдирди. Комиссияны түзүү принцибин өзгөртүү сунушталууда. Азыркы паритеттик механизмдин ордуна конкреттүү квота киргизилет: 

  • БШКнын 3 мүчөсү президенттин сунушу боюнча дайындалат;
  • 4 мүчөсү Жогорку Кеңеш тарабынан өз демилгеси менен шайланат.

Ошентип, парламенттин пайдасына бир добуш артыкчылыгы менен «3+4» модели орнотулууда. Бирок мыйзам долбоорунун авторлору экинчи окууга «4+4» моделин сунуштаганы жатышат. Мыйзам долбоорунда комиссиянын курамында бир жыныстагы өкүлдөрдүн 70%дан ашпашы керек деген норма сакталууда.

БШКнын бүгүнкү күндөгү курамы: 

  • Тынчтык Шайназаров - төрага
  • Айдана Жупуева - төраганын орун басары 
  • Бахадыр Коңуров - төраганын орун басары 
  • Сүйүнбек Касмамбетов
  • Абыдажапар Бекматов 
  • Кабылбек Мамбетаипов
  • Акбалык Жумалиева
  • Нурлан Койчукеев 
  • Узарбек Жылкыбаев 
  • Кайрат Маматов 
  • Алтынбек Кубатбеков 
  • ваканттык орун.

Депутат Примов БШК төрагасынын орун басарынан комиссиянын 12 мүчөсү болгондо добуштар 6 «макул» жана 6 «каршы» болуп тең бөлүнгөн учурлар болгон-болбогонун сурады. Бул суроого мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Нурбек Сыдыгалиев жооп берди. Ал мындай учурда чечим 3/2 добуш менен кабыл алынышы керек болгонун түшүндүрдү.

Анын айтымында, эгер комиссиянын курамы 8 мүчө болсо, добуштар 4 «каршы» жана 4 «макул» болуп тең чыкканда чечүүчү добуш төрагада болот.

Примов анда төраганын эки добушу болуп калабы деп тактады.

Сыдыгалиев төрагада эки добуш болбой турганын, болгону добуштар тең чыкканда анын добушу чечүүчү болорун айтып, мындай тажрыйба буга чейин да колдонулуп келгенин кошумчалады. Бул мыйзамда жазылганбы деген суроого БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева мурда чындап эле 12 мүчө болгондо добуштар 6га 6 болуп тең чыккан учурлар болгонун билдирди. Ошол эле учурда мыйзамда төраганын добушу чечүүчү экени түз көрсөтүлгөн эмес.

нын айтымында, бул жагдайды жобо менен бекитсе болот. Жыйынтыгында депутат Примов мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок мындай прецендент болбошу үчүн БШК мүчөлөрүнүн санын так эмес кылса туура болорун айтты. 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»