15:50, 12-март, 2026

Журналист Алтынай Арстанбекова 2 айга камалды

На русском
14:35, 12-март, 2026 350

АКИpress - 11-мартта Биринчи май райондук соту журналист Алтынай Арстанбекованы камакка алуу чечимин чыгарган. Бул маалыматты «АКИpress» редакциясына 12-мартта райондук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Ал 9-майга чейин «СИЗО-1ге» киргизилди жана массалык башаламандыкка чакырык беренеси боюнча шектелип жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Арстанбекова «Даниэль Жоошбаев» деген жалган аккаунт менен мамлекеттик органдарды сындаган материалдарды жарыялаган. Анын билдирүүлөрү бийликти дискредитациялоого жана коомдук-саясий кырдаалды курчутууга багытталган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»