15:53, 12-март, 2026

Министрдин орун басары Кыргызстан эмне үчүн казакстандыктар үчүн өлкөдө жүрүү эрежеси өзгөргөнүн түшүндүрдү

На русском
13:34, 12-март, 2026 280

АКИpress - Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын жарандары үчүн өлкөдө жүрүү эрежелери эмне үчүн өзгөртүлгөнүн түшүндүрдү. Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев алгач Казакстан бул 90/180 күндүк режимди киргизгенин билдирди.

Анын айтымында, 2 жыл бою бул режимди өлкөлөр ортосунда колдонбоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

«Эки жыл ичинде бул маселе түрдүү деңгээлде көтөрүлдү, бирок, тилекке каршы казак тарап биздин сунуштарды четке какты. Ушул себептен улам 2025-жылдын аягында биз дагы ушундай режимди киргиздик», - деди ал.

Имангазиев Өзбекстандын жарандары үчүн 60 күндүк визасыз режим иштей турганын, андан кийин виза режими колдонула баштаарын кошумчалады. Тажикстан менен 90/180 күндүк режим иштейт.

Депутат Жумабек Салымбеков мындай чектөөлөрдү коңшу өлкөлөр үчүн алып салуу керектигин, анткени жарандардын арасында ишкерлер, студенттер жана Кыргызстанда дарыланып жаткан бейтаптар бар экенин белгиледи.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»