АКИpress - Кытай Эл Республикасы Кыргызстан кытай жарандары үчүн биринчи болуп визасыз режим киргизишин каалап жатат, бирок кыргыз тарап буга макул эмес. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, визасыз режим пилоттук негизде Гонконг жана Макао административдик райондорунун жарандары үчүн гана иштейт, Кытайдын калган жарандары өлкөгө виза менен келишет.
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коңшу өлкөлөрдөгүдөй визасыз режим киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого жооп берип жатып, Имангазиев мындай маселелер талкууланганын билдирди.
«Кытай Казакстан, Өзбекстан жана Россия үчүн визасыз режим киргизди. Бүгүнкү күндө Кыргызстан дагы ушундай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, бирок биздин талап - визасыз режим бир эле убакта паритеттик негизде киргизилиши керек. Кытай тарап болсо, биринчи болуп Кыргызстан киргизишин талап кылууда, биз буга макул эмеспиз», - деди ал.