АКИpress - УКМК 10-мартта 1980-жылы туулган К.К.К. аттуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутатына карата кылмыш ишин козгоду.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жер тилкелерине байланыштуу мыйзамсыз схемаларды уюштурууга шектелүүдө, ал аффилирленген жеке жана юридикалык жактарды пайдаланган. Учурда ал тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалган адам Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич. Ал 10-мартта парламенттин депутаттык мандатын тапшырган.