АКИpress - Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Кубанычбек Конгантиевдин Жогорку Кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арызы келип түштү.
Бүгүн, 10-мартта БШК анын арызын карайт.
Конгантиев №21 округдан 13 миң 379 добуш менен шайланган. Ал «Эл үмүтү-Ата Журт» депутаттык тобунун мүчөсү жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болчу.
Буга чейин төмөнкү депутаттар өздөрүнүн депутаттык мандаттарын тапшырышкан:
- Элдар Сулайманов
- Нурланбек Тургунбек уулу
- Кундузбек Сулайманов
- Жанар Акаев — Ош шаарынын мэри болуп дайындалды