18:07, 13-март, 2026

«Фармация» компаниясынын мүлкү «Мамлекеттик финансылык холдингдин» уставдык капиталына өтөт

На русском
13:27, 20-октябрь, 2025 497

АКИpress - Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 3-октябрында кабыл алган № 856-т тескемесине ылайык, «Фармация» ААКга мурда таандык болгон мүлктүн бир бөлүгү мамлекеттик менчикке, ал эми айрым объектилер «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКтын уставдык капиталына өткөрүлөт.

«Фармациядан» мамлекеттик менчикке төмөнкүлөр өтөт:

  • 2018-жылы чыгарылган «Mercedes-Benz» S560 4MATIC унаасы (кыймылдаткычынын көлөмү – 3982 см³);
  • 2021-жылы чыгарылган «Hyundai Tucson» унаасы (кыймылдаткычынын көлөмү – 1998 см³).

Мындан тышкары, мамлекет карызды төлөөнүн эсебинен төмөнкү кыймылсыз мүлк объекттерин талап кылат:

  • Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Таш-Дөбө айылындагы «Vegas» турак жай комплексиндеги аянты 186,3 м² болгон пентхаус (контур № 5, № 2 тилке, 13-кабат);
  • А. Сүйүмбаев көчөсүндөгү «Sun Rise» турак жай комплексиндеги аянты 169,7 м² болгон пентхаус (123/1, 15-кабат);
  • Т. Абдумомунов көчөсүндөгү «Royal» бизнес борборундагы аянты 105 м² болгон коммерциялык жай (282, 5-кабат).

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги:

  • наркы 1 млн 485 миң сомдук «Hyundai Tucson» унаасын;
  • наркы 22 846 312,5 сомдук «Royal» бизнес борборундагы коммерциялык жайга болгон талап кылуу укугун «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКтын уставдык капиталына салым катары өткөрүп берет.

Тескеменин аткарылышын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгы көзөмөлдөйт.

Буга чейин Кыргыз биржалык фонду «Фармация» компаниясы 1-июлдан тарта ыктыярдуу түрдө жоюлушу мүмкүн экендиги тууралуу маалымат жарыяланган. 2025-жылдын 21-апрелинде компанияда акциялардын ээсинин үлүшүнө өзгөртүүлөр киргизилген.

Катталуучулар толук маалымат менен тааныша алышат.

Полный доступ к архивам АКИpress (общественно-политические новости, культура, происшествия и спорт, а также новости стран ЦА)

1 новость950 сомКупить
год15000 сомподписаться?
Данные тарифы действуют только для частных лиц.
Если вам необходим корпоративный доступ к материалам (для организаций, госорганов, ведомств и т.д), пожалуйста, свяжитесь с нами по почте info@akipress.org

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»