АКИpress - 21-августта «Россияны таанып бил» долбоорунун алкагында Кыргызстандан барган журналисттер Москванын борборундагы «Евразия» дүкөнүнө барышты.
«Евразия» дүкөнү — бир текчеде Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн продукцияларын бириктирген биринчи тармактык дүкөн.
Концепция жана максаты
Дүкөн 2024-жылдын 17-сентябрында ачылып, дароо эле өзгөчө концепцияны — постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдү бир текчеде бириктирүүнү көздөгөн. Учурда анда 9 өлкөнүн товарлары бар жана алардын ар бири сатып алуучуга жакшысын жана сапаттуусун сунуштоо үчүн өзгөчө кылдаттык менен тандалат.
«2025-жылдын 17-сентябрында интернет-дүкөн ишке кирди. Бул биздин продукциябыз дагы көп сандаган кардарга жеткиликтүү болот дегенди билдирет — эми сүйүктүү товарларга тапшырык берүүгө болот. Биз "орточо – орточо плюс" деген баа саясатын карманабыз. Мындай ыкма бизге продукциянын жогорку сапатын сактоого жана ошол эле учурда аны түрдүү кардарлар үчүн жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берет. Ар бир адам бизден өзүнө жаккан жана капчыгына туура келген товарды таба алат», - дейт дүкөндүн менеджери Марина Дзогий.
Кыргызстандан барган продукциянын орду — өзгөчө
«Евразия» дүкөнү Москванын чок ортосунда, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин имаратынын маңдайында, Смоленск көчөсүндө жайгашкан. Бул жерден ар бир адам өз өлкөсүнүн товарларын, анын ичинде Кыргызстандан барган продукцияны таба алат.
«Бизге түрдүү кардарлар келишет — москвалыктар да, борбордун коноктору да, туристтик топтор да. Анткени ар бир адам, айрыкча үйдөн алыс жүргөндө өзүнө тааныш нерсени тапкысы келет. Биз адамдардын тааныш продукцияларды таанып, аларды бул жерден, башка өлкөдөн сатып ала алышканын көргөндө көздөрү кантип жанып кеткенин көп көрөбүз. Биз үчүн адамдарга мекенинин бир бөлүгүн тартуулоо — өзгөчө кубаныч», - деди дүкөндүн өкүлү.
«Евразияда» кыргыз продукциясынын кеңири түрү: сүт азыктары, кыям, атактуу куруттар, томат пастасы, консервалар, энергетикалык суусундуктар жана минералдык суу, тоңдурулган мөмөлөр жана жемиш аралашмалары бар.
«Бул жерде иштеп, мен бардык продукцияны сынап көрдүм. Анткени биз кардарларга эмне сунуштап жатканыбызды билишибиз керек. Мага жеке өзүмө “Лаза жгучая” консервасы абдан жагат — анын курамында томат пастасы жок, бир гана табигый помидор бар. Айрыкча кышында ал аябай өтүмдүү: жесең жаңы эле майдалаган помидорлордой сезим пайда болот», - деп пикирин айтты улук сатуучу Алена Жосан.
Пландар
«Евразия» коммерциялык эмес автономдуу уюмунун колдоосу менен башка өлкөлөрдө да соода түйүндөрүн ачууга даярдык көрүлүп жатат. Бул продукцияны сатуу географиясын кеңейтип гана тим болбостон, адамдарга улуттук каада-салттардын байлыгы менен таанышууга дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүк бермекчи.