18:04, 13-март, 2026

Мобилдик аппараттарды идентификациялоо жана каттоо системасын техникалык ишке ашырган компаниянын маалыматы

09:57, 24-апрель, 2025 549

АКИpress - Кыргызстанда мобилдик аппараттарды идентификациялоо жана каттоо системасын техникалык ишке ашырууга «Инмобайлс» компаниясы жооп берет. Компания уюлдук телефондорду каттоого багытталган мамлекеттик долбоор тууралуу маалымат берди.

«Телефондорду каттоо системасы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №287 токтомуна ылайык ишке киргизилип, мамлекеттик долбоор болуп саналат. Биздин компания — бул системанын туруктуу иштешин камсыздаган техникалык оператор гана болуп саналат. Бардык чечимдерди мамлекеттик органдар кабыл алат, ал эми биз ошол чечимдерди техникалык жактан жүзөгө ашырабыз.

Аппараттардын катталышы SIM-картанын тибине жараша эмес, анын уникалдуу IMEI коду боюнча жүрөт. Кадимки шартта каттоо бир эле жолу жүргүзүлөт. Бирок  эгерде аппаратта жөнөкөй SIM карта колдонулуп, кийин eSIM кошулса, анда экинчи IMEI мурда тармакта колдонулбаган болсо, аны да каттоо зарыл болушу мүмкүн. Бул — кадимки техникалык процедура болуп саналат жана мурда катталган аппарат үчүн кошумча акы төлөнбөйт.

  • Система 2024-жылдын 25-июнунда ишке киргенге чейин байланыш тармактарында иштеп жаткан бардык аппараттар автоматтык түрдө жана акысыз катталган. Бул калктын ыңгайлуулугу үчүн жасалган.

Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, санариптик технологиялар тармагындагы мамлекеттик долбоорлор адатта атайын техникалык өнөктөштөр менен бирге ишке ашырылат. Бул компьютер сатып алууга окшош: аппарат — бул негиз, бирок анын иштеши үчүн программалык камсыздоо керек, ал кесипкөй иштеп чыгуучулар тарабынан түзүлөт.

Мобилдик аппараттарды каттоо системасы — бул татаал санариптик инструмент, жана биздин милдет — анын туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу.

Компания Кыргыз Республикасынын аймагында катталган. Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында расмий өкүлчүлүгүбүз, кеңселерибиз жана каттоо жана консультация берүү пункттарыбыз бар.

Каттоо жана консультация пункттарынын даректери:

- Бишкек шаары — «Айчүрөк» (ЦУМ) соода борбору, 5-кабат, F-13 павильону

- Ош шаары — Курманжан датка көчөсү №157

- Жалал-Абад шаары — Токтогул көчөсү №34

Кошумча маалымат алуу үчүн күнү-түнү иштеген байланыш борборго кайрылууга болот:

- Mega абоненттери үчүн: +996 997 550055

- Beeline абоненттери үчүн: +996 223 550055

- O! абоненттери үчүн: +996 505 533000

Мындан тышкары, Mega, Beeline жана O! байланыш операторлорунун колдоо-борборлорунан жана тейлөө кеңселеринен да консультация алууга болот.  

Катталган аппараттар боюнча бардык маалыматтар тиешелүү уруксаты бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга гана берилет. Биз Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын так сактайбыз.

"Инмобайлс" компаниясы бардык салыктарды төлөйт, салык системасын колдойт, жумуш орундарын түзөт жана мамлекеттик жана фискалдык органдарга үзгүлтүксүз отчет берип турат. “Белгисиз компания” же “ачык эмес ишмердик” жөнүндө билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.

“Инмобайлс” өзүнүн милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана жарандарынын кызыкчылыгында аткарууну улантат».

Толук маалымат: www.imei.kg 

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»