АКИpress - Ар бир адам талыкпаган аракетинин аркасында көп ийгиликтерге жетип, бийиктиктерди багынта алат. Бир иштин өтөөсүнө чыгуу үчүн бир топ күч, эрк, аракет, дисциплина талап кылынарын спортчулардын жетишкен ийгиликтеринен байкоого болот. «Баракелде» басылмасынын бүгүнкү каарманы таэквондо боюнча дүйнө чемпиону жана бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү — Баястан Баргыбаев.
Баястан Баргыбаев учурда 26 жашта. Ал Алай районунун Гүлчө айылында төрөлүп, өскөн. №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназиясында, андан соң ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинде билим алган.
Каарманыбыз бала кезинен эле спортко кызыгып, мектепте окуп жүргөндө футбол, волейбол, баскетбол сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыкканын, таэквондого классташы аркылуу келип, андан соң аталган спортко деген кызыгуусу артып, байланып калганын белгиледи.
Баястан: «Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусумун. Бир карындашым жана 2 иним бар. Билимим боюнча айтсам, №5 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназиясында окугам. ОшМУда эл аралык мамилелер факультетинде билим алгам. Азыркы учурда ОшМУда Конфуций институнда магистратурада окуйм.
Мектепте окуп жүргөндө спортко кызыкчумун. Футбол, волейбол, баскетбол, жеңил атлетика, бокс, эркин күрөшкө барчумун. Ал учурда мага спорттун бардык түрү кызык болчу. 7-8 класстарда классташым таэквондого барууга чакырды. Ошол учур менин жашоомду толук өзгөрттү. Анткени биринчи машыгууда эле мен дал ушул спортко байланганымды сезгем. Мага таэквондо өтө кызыктуу сезилди. Бул спортто форма, стиль, техника, дисциплина — мен издеген шарттардын бардыгы бар. Спорттун бардык түрү жакшы. Бирок ар бир адам өзүнө жаккан спортту тандайт. Менин жүрөгүм таэквондону тандады».
-------------------------
Баястан спортчулар үчүн талыкпай аракет кылуу баарынан маанилүү экенин баса белгилеп, жаш спортчуларды ар кандай тоскоолдуктарга, жеңилүүгө карабастан үзбөй аракет кылууга чакырды. Маектешибиз Кыргызстандагы таэквондонун абалына токтолуп, дүйнөлүк аренада кыргыз таэквондочулары көп ийгиликтерди багынтарына ишенерин айтты.
Баястан: «Кыйын учурлар, ар кандай тоскоолдуктар болот. Мелдештерде жеңилип калып капа болосуң. Спортко деген кызыгууң жоголо баштайт. Бирок ошондой абалда, шартта көбүрөөк аракет кылуу керек. Анткени ошол учурда сенде жеңүүгө эркиң күчөй баштайт. 1-2 жылдан кийин эстеп, ошол учурда аракет кылганың үчүн өзүңө рахмат айтасың. Ошондуктан кандай кыйынчылык болбосун аракет кылуу абдан маанилүү!
Кыргызстанда таэквондонун абалы жыл сайын жакшы болуп баратат. Анткени эл аралык мелдештерге катышкан сайын биздин дүйнөлүк аренада ордубуз түптөлүп жатат. Азыркы учурда дүйнөлүк аренада Кыргызстандын стилин жана техникасын таанып башташты. Дүйнө чемпионаты же Азия, Европа чемпионаты болобу, кайсыл мелдешке барбайлы сөзсүз байгелүү орундарга жетишип жатабыз. Эгер ушул темп менен кете берсек Кыргызстандын таэквондочулары дүйнө жүзүнө таанылат деп ишенем.
Тажрыйбаң жана дүйнөлүк аренада аброюң көтөрүлгөн сайын ар кандай мелдештерге чакыруулар түшө баштайт. Ошондуктан ар бир машыгуу мен үчүн мелдешке даярдануу сыяктуу. Машыктыруучум Фаррух Садыков: "Аброюң өскөн сайын ошого татыктуу болушуң керек" деп көп айтат. Ошондуктан мелдешке чакыруу болсо, мен өз намысымды, аброюмду жана Кыргызстандын желегин коргоого болгон аракетимди жасайм. Менин машыгуумду көргөн инилерим дагы көп аракет кыла башташат. Буюрса келечекте Кыргызстандын желегин көтөрө турган күчтүү жана аракетчил спортчулар чоңоюп келе жатат».
-------------------------
Респондентибиз жеңишке жетип, медаль тагынган учурдагы сезимдери менен бөлүшүп, дүйнө чемпиону болгондо көзүнө жаш алганын эскерди. Баястан үчүн эң ийгиликтүү жана эң оор беттештердин бири дал ошол дүйнө чемпиондугу болгон.
Баястан: «Жеңишке жеткен учурдагы эмоцияларды айтып бериш абдан оор. Анткени 1-орунду ээлегенде Кыргызстандын желеги көтөрүлүп, гимн ойноп жаткан учур абдан эмоционалдуу. Бир жагынан абдан сүйүнүп турсаң, бир жагынан ыйлагың келет. Аракет кылып ушул даражага келдим. Жасаган аракеттерим текке кеткен жок, ата-энемдин, машыктыруучумдун, досторумдун жана кыргыз элимдин жүзүн жер караткан жокмун. Мен биринчи орунду алдым деп ыйлагың. Ошондуктан ошол учурдагы эмоцияларды сүрөттөп берүү мен үчүн кыйын.
Россия Федерациясында өткөн «Кубок северной Пальмиры» аттуу эл аралык мелдеш мен үчүн ийгиликтүү, ошол эле учурда оор болгон деп ойлойм. Анткени ал учурда мен биринчи жолу 18-35 жаштагы эркектер арасында 75 кг салмакта күч сынашкам. Өзүм 18 жашар баламын, анан биринчи жолу чоңдордун салмагында күч сынашкам. Менин салмагымдагы спортчулардын көбү тажрыйбалуу болчу. Ошол мелдеште 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынып, жаш болсом дагы тажрыйбасы көп спортчуларды жеңе алам деп өзүмө ишеничтүү келгем.
Андан сырткары дүйнөлүк чемпионат дагы оор болгон. Дүйнөлүк аренада өз күчүңдү сынап, алтын медаль тагынуу ар бир спортчунун максаты. Анткени ал мелдеште күчтүү жана ишенген спортчулар менен күч сынашасың. Кыргызстандын желегин желбиретип, дүйнө жүзүнө өзүңдү жана кыргыз элин тааныта аласың.
Дүйнө чемпиону болгондогу сезимдер сонун. Биринчи машыгып баштаган күндөн ушул учурга чейин мен дүйнө чемпиону болууга аракет кылгам. Дүйнө чемпионатында биринчи болгондо көзүмдөн жаш агып кеткен. Катуу сүйүнүп, аракетим акталды, Кыргызстандын желегин биринчи орунга чыгардым деп ыйлагам. Андай сезимди мен ошол учурга чейин сезе элек болчумун. Аны айтып бериш абдан оор. Бирок ар бир спортчуга мен ошол сезимди сезүү насип болсун деп тилейм».
-------------------------
Аракетчилдикти, чынчылдыкты баалаган Баястан адам баласы эң биринчи кезекте адамгерчиликтүү болушу керек деп эсептейт.
Баястан: «Адамдардан аракетчилдик, кичи пейилдик жана чынчылдыкты баалайм. Эң баалаган сапат — бул адамгерчилик. Ар бирибиз адамгерчиликтүү болсок, калган сапаттар өздөрү оңдоло баштайт деп ойлойм».
Жетишкен ийгилик, абройдун баарын Кыргызстан берди деген маектешибиз: «Кыргызстанды эч нерсеге теңештире албайм. "Туулган жердин топурагы алтын" деп айтылат го. Мен Кыргызстанда төрөлүп-өстүм, чоңойдум, дүйнөлүк аброй алдым. Кыргызстан — менин Мекеним, менин алтын топурагым», - деп сөзүн аяктады.