17:58, 13-март, 2026

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүлдү

На русском
13:19, 13-ноябрь, 2021 722

АКИpress - Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн лидерлери Стамбул шаарындагы саммиттин жыйынтыгы боюнча Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү чечимин кабыл алышты.

Чечим Уюмдун макамын жогорулатуу максатында, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши түзүлгөндөн бери жетишилген прогрессти эске алуу менен кабыл алынды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

«Муну менен Түрк кеңешинин мамлекет башчылары мүчө мамлекеттердин ортосунда көп тараптуу форматта макулдашылган иш-аракеттерди камсыз кылууда жана регионалдык жана эл аралык аренада алардын кызыкчылыктарын андан ары илгерилетүүдө Уюмдун ролун жогорулатууга өзүнүн умтулуусун белгилешет.

Жаңы аталыштын берилиши Уюмдун эл аралык аренада позициясын бекемдөөгө жана анын ишмердүүлүгүнүн кеңейүүсүгө дем берүүгө оң таасир этери күтүлүүдө.», - деп айтылат билдирүүдө.

Полный доступ к архивам АКИpress (общественно-политические новости, культура, происшествия и спорт, а также новости стран ЦА)

1 новость950 сомКупить
год15000 сомподписаться?
Данные тарифы действуют только для частных лиц.
Если вам необходим корпоративный доступ к материалам (для организаций, госорганов, ведомств и т.д), пожалуйста, свяжитесь с нами по почте info@akipress.org

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»