Акыркы суткада Россияда 857 бейтап коронавирустан көз жумду
На русскомИллюстративное фото
АКИpress - Акыркы сутканын ичинде Россиянын аймагында коронавирустан дарыланып жаткан 857 бейтап каза тапты. Алардын ичинен 65 бейтап Москва шаарында, 60 бейтап Санкт-Петербургда катталган, деп билдирди өлкөнүн ыкчам штабы.
Муну менен Россияда коронавирустун кесепетинен жалпы 206 388 адам көз жумду.
Пандемия башталгандан бери федерацияда COVID-19 диагнозу жалпы 7,4 млн адамдан аныкталган.
Алардын ичинен 6,6 млн адам айыкты. Учурда 1 282 541 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком