03:12, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери жолугушту

На русскомEnglish
16:01, 14 тогуздун айы 2019 53

Баракелде -  Бүгүн, 14-октябрда Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын жетинчи саммитин уюштуруунун алкагында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар 7-октябрда Бишкек шаарында өткөн экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын III жыйынынын ийгиликтүү өтүшүн жана эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты. Ошондой эле ар кандай деңгээлдерде эки тараптуу сапарларды уюштуруу жолу менен саясий диалогду бекемдөөнүн зарылчылыгын баса белгилеп өтүштү.

Мындан сырткары тараптар эл аралык жана регионалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мындан ары эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын тастыкташты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком