08:41, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада кыргызстандык жигит пенсионерлерден 1,6 млн сом алдап алган

На русском
09:34, 13 баш оона 2019 134
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Москва шаарынын Бутырский райондук соту 4 пенсионерден 1,5 млн рубль (болжол менен 1 млн 604 миң 400 сом) алдап алган кыргызстандык жигиттин ишин карайт. Бул тууралуу «Москва» агенттиги жазды.

«Райондор аралык прокуратура Кыргыз Республикасынын 24 жаштагы жаранына козголгон кылмыш иш боюнча айыптоочу корутунду бекитти. Ал Россиянын Кылмыш-жаза кодексиндеги алдамчылык, жабырлануучуга ири суммадагы зыян келтирүү беренси боюнча айыпталып жатат», - деп айтылат басылманын маалыматында.

Тергөөнүн версиясы боюнча, өткөн жылы ноябрь айында шектүү жабырлануучуларды алдоо максатында башка адамдар менен көмүскө бүтүмгө келген.

«Алардын бири улгайган адамдарга телефон чалып, тууганы экени жана оор жагдайга кабылганын айтып, акча сураган. Экинчи шериги таксисттин ролун аткарып, жабырлануучулардын үйүнө барып, акча алып кетип жүргөн. 4 жабырлануучуга жалпы 1,5 млн рубль зыян келтирилген. Шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алды», - деп айтылат Тергөө комитетинин маалыматында.

Ал эми прокуратурадан шектүү камакта экенин билдиришти.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком