17:45, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда кол коюлган документтер

На русскомEnglish
18:48, 10 теке 2019 132
Визит президента С.Жээнбекова в Швейцарию
Визит президента С.Жээнбекова в Швейцарию

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцариянын президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бүгүн, 10-июлда бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кол коюлган документтер:

- «Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дараметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү» экономикалык долбоору боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

- суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү долбоору боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызды башкаруу системасын бекемдөө» долбоору боюнча Кыргызстандын Финансы министрлиги аркылуу аракеттенген Кыргыз Республикасы менен SECO экономика боюнча мамлекеттик катчылык аркылуу аракеттенген Швейцария Конфедерациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

- «Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү» долбоору боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

- суу ресурстарын интеграциялык башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу боюнча Кыргызстандын өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком