08:27, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Казакстандагы президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы: Токаев жеңди

На русском
14:27, 10 кулжа 2019 189

Баракелде -  Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын жарыялады.

- Касым-Жомарт Токаев - 70,76%;

- Амиржан Косанов («Ұлт тағдыры») -16,2%;

- Дания Еспаева («Ак жол» партиясы) – 5,2%;

- Толеутай Рахимбеков («Ауыл» партиясы) – 3,2 %;

- Амангелды Таспихов (Профсоюз федерациясынан) – 2,07%;

- Жамбыл Ахметбеков («Казакстандын Коммунисттик элдик партиясы) – 1,82 %;

- Сади-Бек Тугел («Ұлы дала қырандары» коомдук бирикмесинен) – 0,86%.

Кечээ, 9-июнда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо болгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын добуш берүүсү жалпы 77,4 пайызды түзгөн.


09-06-2019-yavka-22-00-rus
---------------------------------------------------------

Казакстандагы президенттик шайлоодон Алмата, Нур-Султан, Шымкент шаарларында нааразычылык акциялары уюштурулганын социалдык тармактын колдонуучулары билдиришкен.

Жүздөгөн адамдар Алматанын борборунда кармалган. Полиция кызматкерлери, анын ичинде атайын даярдыктагы аскерлер нааразычылык билдирип чыккандарды кармап, автобуска салып кетишкен. Нур-Султан шаарында да чогулгандар кармалган. Ал эми Шымкентте 20дай адамды кармап кетишкен.

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюмунун изилдөөчүсү Мира Ритманн социалдык тармактагы баракчасына журналисттер өз милдеттерин аткарып жатканда, башка адамдар тынчтык митингин өткөрүү укугун пайдаланып жатканда кармалганын жазган.


Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком