АКИpress - 28-апрелде Бишкектин түндүк тарабында суу болбой турганын шаардык мэриядан билдиришти.
Күндүзгү саат 09:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, балдар бакчаларына, саламаттыкты сактоо жайларына, ошондой эле социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу өчүрүлө турган аймак: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бел көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү.
Ошондой эле «Кызыл Куруучу», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын-Бешик», «Салам Алик» конуштарында да суу болбойт.
Суу берүүнүн токтотулушу «Түндүк» суу алгычындагы алмаштыруу, авариялык-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.