11:20, 24-апрель, 2026

Бишкекте 24 миң сомдук шоколад уурдаганга шектүү кыз кармалды

На русском
09:17, 24-апрель, 2026 473

АКИpress - Бишкекте таттууларды уурдоого шектелген аял кармалды. Бул тууралуу 23-апрелде Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга арыз менен кайрылган жаран 28-мартта Бишкектеги гипермаркеттен белгисиз кыз жалпы баасы 24 миң 450 сомдук шоколад уурдап кеткенин кабарлаган.

Бул факт боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1997-жылы туулган кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы жети кылмышка тиешеси бар экени аныкталды. Тергөө уланууда.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»