15:04, 25-апрель, 2026

Түркиянын парламенти 15 жашка чейинки өспүрүмдөргө социалдык тармакты колдонууга тыюу салды

На русском
13:47, 25-апрель, 2026 251

АКИpress - Түркиянын Улуттук чоң жыйыны (парламент) 15 жашка чейинки балдардын социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алды. Жаш текшерүү жоопкерчилиги байланыш кызматын көрсөтүүчүлөрүнө жүктөлгөнүн «Anadolu» агенттиги билдирди.

Документке ылайык, социалдык тармактын провайдери өспүрүмдөрдүн платформада катталуусуна жол бербөө үчүн, колдонуучунун жашын ырастоо сыяктуу зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ошол эле учурда өлкө парламенти интернеттеги аккаунттарды жөндөө, акы төлөнүүчү операцияларды жүргүзүү, каналдарга жазылууну уюштуруу жана башка аракеттерге тиешелүү ата-эненин көзөмөлүн күчөтүүчү акттарды кабыл алды. Мындан тышкары, чоңдор үчүн балдардын социалдык тармакты колдонуу убактысын көзөмөлдөө жана чектөө механизмдери иштелип чыгат.

Жаңы киргизилген эрежелер «YouTube», «TikTok», «Facebook» жана «Instagram» сыяктуу көптөгөн ресурстарга таасирин тийгизет. Бул платформалардын ээлери 15 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн аккаунт ачуу процессин өздөрү бөгөттөйт деп күтүлүүдө. Болбосо, Түркия бийлиги айып пул сыяктуу чараларды көрөт.

Буга чейин Түркиянын юстиция министри Акын Гүрлек парламентке өкмөт балдардын социалдык тармакты колдонуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун даярдаганын билдирген.

Эми мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн ага өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган кол коюшу керек.

Документ Кахраманмараштагы мектептердин биринде 14 жаштагы өспүрүм 9 окуучуну жана 1 мугалимди атып салган окуядан кийин кабыл алынды. Трагедияга комментарий берип жатып Эрдоган социалдык тармактар "таштандыга" айланганын билдирген.

ЖМКлар жазгандай, Эрдогандын пикири менен оппозициялык элдик-республикалык партия макул болгон эмес, алар жашы жете электердин интернетке кирүүсүн чектөө боюнча мыйзамга каршы добуш беришкен. Бул бирикменин өкүлдөрү балдарды зыяндуу маалыматтардан тыюулар аркылуу эмес, адам укуктарына негизделген саясат аркылуу коргоо керек деп эсептешет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»