13:04, 25-апрель, 2026

Курулуш министрлигинин алдында «Мамлекеттик курулуш компаниясы» түзүлдү

На русском
11:08, 25-апрель, 2026 315

АКИpress - Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Базис-М» ЖЧКсынын үлүш ээлери менен жолугушуу өткөрдү. Аталган ишкананын подрядчысы «Дөөлөт курулуш» компаниясы болгон. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, «Базис-М» ЖЧКсынын иши көптөгөн кайрылуулардан кийин 2026-жылдын февраль айында президенттин көзөмөлүнө алынган. Курулуш министрлигине тийиштүү тапшырмалар берилген.

«Эки айдын ичинде документтерди юридикалык жактан тариздөө иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында министрликке караштуу "Мамлекеттик курулуш компаниясы" мамлекеттик ишканасы түзүлүп, документтер Юстиция министрлигине каттоого жөнөтүлдү. Мындан ары ишкана «Базис-М» ЖЧКсынын объекттери боюнча уюштуруучу катары кирип, андан соң курулуш иштери жанданат», - деп билдиришти министрликтен.

Министр белгилегендей, иш-чараларды ишке ашыруу татаал жана көп баскычтуу мүнөздөгү маселе болуп саналат жана юридикалык, техникалык, каржылык суроолордун татаалдыгынан улам белгилүү бир убакытты талап кылат. Каржылоо маселеси боюнча акыркы 5 жылда базардагы баалардын жана курулуш материалдарынын наркынын олуттуу өзгөргөндүгүнө байланыштуу долбоордук-сметалык документтерди кайра кароо зарылчылыгы билдирилди.

«Төрт жыл мурда турак жай сатып алган жарандар азыркы күнгө чейин батирлерин ала элек. Министрлик компаниянын дарегине эскертүүлөрдү жана милдеттүү талаптарды бир нече жолу жиберген, бирок каржылык кыйынчылыктардан улам курулуш иштери жандана элек», - деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»